Бишкектен Грозныйга каттам жанданды

 Бишкектен Грозныйга каттам жанданды
Орусиянын «Урал Аба жолдору» авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан тарта Грозный-Бишкек-Грозный багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы маалымдады.
«Манас» эл аралык аэропортунан Чеченстандын борборуна каттамдар жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарылмакчы.
Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча «МЭА» ААК аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Связанный пост