Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

 Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ушул жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Белгилей кетсек, бул араб мамлекетинин башчысынын Кыргыз Республикасына биринчи жолу келиши.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Связанный пост