Бишкек-Кара-Балта автожолун курууда 104 млн сомдук материалдык зыян келтирилген

 Бишкек-Кара-Балта автожолун курууда 104 млн сомдук материалдык зыян келтирилген

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан 17 млн 763 миң 85 АКШ доллары өлчөмүн түзгөн Бишкек-Кара-Балта автожолунун (15,9-61-чакырымдары) курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилип,  жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле, жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган.

Натыйжада мамлекетке 104 млн 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-бер. (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-бер. (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост