«Манас» бажысы бажы мыйзамын бузуу фактысын аныктады

«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «AH26Б» учагы Беларусь Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагынан 2020-жылы Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгону аныкталган.

Андан ары 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына келген. Борт «B.S.» авиакомпаниясына таандык.

Бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүдө товарлардын жана транспорт каражаттарынын келиши жана аларды тиешелүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан ырааттуу бажы операцияларын жүргүзүү каралат. Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагына келген учурдан тартып учакка карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.

Ошентип, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 461 553 сомду, анын ичинен туум 1 569 353 сому түзгөн.

Факт Бажы кызматынын КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост