Тоңдо 3 гектар жерге 840 даана Тянь-Шань карагайы отургузулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагындагы жүргүзүлүп жаткан “Жашыл Мурас” улуттук компаниясын аткаруу максатында Тоӊ токой чарбасы тарабынан Карала-Арча, Шатылы участкаларына 3 гектар жер аянтына 840 даана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду.
Бул иш-чарага Тоң район жетекчилиги, мекеме ишканалардын жетекчилери жана Тоң токой чарбасынын кызматкерлери катышышты.

Связанный пост