Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия өз ишин баштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 28.03.2023-ж. №131-т Тескемесин аткаруу максатында, курулуп жаткан имараттарды жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү:

– Орто-Сай  айылындагы контур 5 дарегиндеги “Авангард сити” көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, “Авангард Стиль” ЖЧКсы;

– Токомбаев көчөсүндөгү 15/2 дарегиндеги “Елисей талаалары” жер астындагы автопаркинги менен турак жай комплекси,”Авангард Стиль” ЖЧКсы;

– Токомбаев көчөсү 15 дарегиндеги өз аймагында жер астындагы автопаркинги менен 14-кабаттуу турак жай комплекси, “Кыргыз Каганат” ЖЧКсы.

Ведомстволор аралык комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун текшерүүнү ишке ашырды, ошондой эле курулуш объекттеринде бетондун бекемдиги текшерилди жана арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугу текшерилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 131-т Тескемесине ылайык ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жумуш аяктагандан кийин үч айлык мөөнөттө берилет.

Связанный пост