25-майда борбор калаанын мектеп окуучулары үчүн акыркы коңгуроо кагылат

 25-майда борбор калаанын мектеп окуучулары үчүн акыркы коңгуроо кагылат

25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт, мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга,
ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп, Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.
Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жерде өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү менен  чогулуштарын өткөрүштү. Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда директорго, жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт.

“Урматтуу ата-энелер! Балдарга өзгөчө көңүл буруп, шаардын эл көп болгон оюн-зоок жайларына, ошондой эле шаардын сыртына  өз алдынча барууга жол берилбестиги  тууралуу баарлашууну суранабыз”, – деп билдиришти баш калаанын мэриясынан.

Связанный пост