Бишкекте №26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу башталды
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленка көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер бөлмөсү, ашкана, изоляциялоо бөлмөсү, жабдууларды тазалоо үчүн кампа, спорт залы, музыка жана ыр сабактары үчүн зал каралган.
Тендердин жыйынтыгы менен “Гипер Строй” ЖЧКсы курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда котлован жумуштары аяктап, колоннанын негизи даярдалууда.