Үй тибиндеги бала бакча ачууну каалагандар окуудан өтүшөт

 Үй тибиндеги бала бакча ачууну каалагандар окуудан өтүшөт

2023-жылдын 10-майында үй шартында бала бакча ачууну каалаган ишкер айымдар үчүн окутуу башталды.

Учурда бул программа боюнча Ленин районунда 150дөн ашык, Биринчи май районунда 90 аял каттоодо турат.Ишкер аялдарды окутуу №8, 44, 81 жана 28 мектептердин базасында жүргүзүлөт.

Сабактарды саламаттыкты сактоо, өрт коопсуздугу боюнча атайын даярдалган тренерлер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык курамы үч күн бою  өткөрөт.  Сабактардын аягында минималдуу шарттар менен үй тибиндеги бала бакча ачууга мүмкүндүк берген Сертификаттар тапшырылат.

Ошондой эле, бул долбоордун алкагында окутуу уруксатсыз иштеп жаткан үйдөгү бала бакчаларды мыйзамдаштырууга шарт түзөрүн эскертебиз.

Связанный пост