Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт

 Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт

КР Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын январь айынан тарта 16 жашка чейинки балдары бар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөдү.

Мындай чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен аймактык бөлүмдөргө ар бир айдын 15-күнүнө чейин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулардын тизмелерин РЭСке берүү тапшырылды. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу үчүн жеңилдетилген тарифти алган үй-бүлөлөрдүн саны боюнча ай сайын отчет берилиши керек.

Учурда Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт, анын ичинде:

• Бишкек шаары – 562 үй-бүлө,

• Ош шаары – 1057 үй-бүлө,

• Чүй облусу – 2302 үй-бүлө,

• Талас облусу – 5155 үй-бүлө,

• Ысык-Көл облусу – 5134 үй-бүлө,

• Нарын облусу – 5550 үй-бүлө,

• Баткен облусу – 12 656 үй-бүлө,

• Ош облусу – 28 695 үй-бүлө,

• Жалал-Абад облусу – 32254 үй-бүлө.

Мекемеден билдиришкендей, 1-майдан тарта электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү аталган үй-бүлөлөргө таасир этпейт. Алар үчүн жеңилдетилген тариф сакталат.

Связанный пост