Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас шаарынын мэриясынын жана Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеши Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 миллион сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип берген, анын бир бөлүгү 25 миллион сом “Ника KG” ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталды.
Ошону менен, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилген.
Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.