Эки ишкана Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт

 Эки ишкана Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт

“Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканалары Россия Федерациясына балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт

2023-жылдын 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан “Аква Пром” ЖЧК жана “Тянь-Шань-Фиш” ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.

2023-жылдын 27-апрелиндеги Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын № ФС-АК-7/10525 катына ылайык, жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 2023-жылдын 28-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине “Нурагрорыбпром” ЖЧК жана “Дары Природы” ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.

Связанный пост