Дем алыш күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майда аяктайт
Дем алыш күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майда аяктайт. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) дем алыш күнгө туш келди, ал эми 1-май майрам күнү деп белгиленди.
Ушуга байланыштуу салык мыйзамдарына ылайык, салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылды.
Салык органдары 30-апрелде, 1 жана 2-майда декларацияларды саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алышат.
Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:
– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.