Баткенде алгачкы ирет “Кыргыз ажары-Баткен килеминде” аттуу кароо-сынак фестивалы өттү
Бүгүн 28-апрелде Баткен шаарында “Кыргыз ажары- Баткен килеминде” кароо-сынак фестивалы өттү.
Аталган кароо-сынак фестиваль быйыл алгачкы ирет уюштурулду.
Фестивалга конок болуп биринчи айым Айгүл Жапарова катышып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөгө коюлган килемдерин, кол эмгектерин көрүп, тар, килем согуу мастер классы менен таанышты.
Ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары Айнура Аскарова, Самат Шатманов, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 7 дубандан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана келген чеберлер, шаар тургундары катышты.
Аталган фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасына ылайык Улуттук маданий борборунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Баткен шаардык мэриясынын, Кыргызстандын Кол өнөрчүлөрүнүн кеңешинин уюштуруусунда өттү.
Республикалык кароо-сынак фестивалга өлкө боюнча 50дөн ашык кол өнөрчү өздөрү жасаган килемдери менен катышты. Көпчүлүгү Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан келген. Мындан сырткары башка облустардан дагы бир катар кол өнөрчүлөр келди.
Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем”, “Мурас килем” аталыштагы килемдеринен тандалып, кароо-сынакта аныкталды.
Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан бааланып, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болду.
Жалпы байге фонду 300 миңди түздү.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр 1-орун 20 миң, 2-орун 15 миң, 3-орун 10 миң сом жана дипломго ээ болушту.
“Түктүү килем” боюнча;
1-орун Тажикан Арзыбаева, Лейлек району,
2-орун Меринса Мусаева, Баткен району,
3-орун Насиба Каратаева, Кадамжай району.
“Арабий килем” боюнча;
1-орун Махбурат Абдиламитова, Баткен району,
2-орун Айнура Сатыбалдиева, Лейлек району,
3-орун Салима Мавлянова, Баткен району.
“Таар килем” боюнча;
1-орун Садакан Исакова, Кадамжай району,
2-орун Апиза Абдимомунова, Лейлек району,
3-орун Абиба Айтматова, Кадамжай району.
“Мурас килем” боюнча;
1-орун Мактым Кадырова, Лейлек району,
2-орун Нурбүбү Марипова,Кадамжай району,
3-орун Нурбуат Абдиева, Баткен району.
Ошондой эле мастер-класс көрсөткөндөргө 3 миң сомдон, катышуучулардын ар бирине миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди.