Ош шаарында “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форуму өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде өткөн “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана Ош шаарынын жаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты.

Форумдун алкагында Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында форумдун катышуучуларына баяндама жасады.

Андан сырткары адеп-ахлак, таалим-тарбия багытындагы бир катар жаштардын ар тараптуу суроолоруна жооп берип, аларга кеп-кеңешин берди.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан жасалган ойлоп-табуучулук, көркөм-өнөр багытындагы кол эмгектеринин көргөзмөсү тааныштырылды.

Связанный пост