Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү
Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Сосновка жана Кара-Көл постторунда быйыл төлөм чогултуу көбөйгөнүн билдирди.
Анда министр эми каражаттар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүүдө деп жазган.
Тилек Текебаев министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка жана Кара-Көл шаарындагы постторго видеобайкоо орнотууга тапшырма берген. Жыйынтыгында быйылкы жылдын биринчи кварталында былтыркыга салыштырмалуу Сосновка постунда төлөм чогултуу 49%га, ал эми Кара-Көл постунда 39%га өстү.