Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Такталган маалыматка ылайык, Мырзаке– Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Жерине жиберилген техниканын жардамы менен аталган унаа жолу азыркы учурда кеңейтилүүдө.

Ошондой эле электр тармактары ишканасынын адистери жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын калыбына келтирүү иштерин жасап жатышат.

Эске салсак, бүгүн түнкү саат 2:00 чамасында Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 82-чакырымына көлөмү 6000 м3 таш кулап унаа жолу эки тараптуу жабылып, чоң чыңалуудагы электр зымдары үзүлгөн.

Жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Н.Шаматов жана тиешелүү тармактын адистери тартылган.

Связанный пост