“Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Күү күнү” белгиленүүдө

Бүгүн, 22-апрелде, “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Күү күнү” деп белгиленип, анын урматына И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде “Салттуу музкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы…”-деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр, окутуучулар жана ушул жаатта билим алып жаткан студенттер катышты.

Аталган университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун негиздөөчүсү, профессор Роза Аманова, Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Б. Бейшеналиев атындагы Маданият жана искусство университетинин проректору, педогогика илимдеринин кандидаты Кубат Жакыпов, аталган университеттин Салттуу музыка факультетинин деканы Самат Көчөрбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин профессору Атайбек Бөдөшов ж.б. салттуу музыканын тарыхына, азыркы күндөгү анын актуалдуулугуна токтолушуп, аны мындан дагы терең жайылтуу, жаштарга бул багытта билим берүү, аларды салттуу музыкага тартуу, дегеле салттуу музыкага салым кошуу боюнча кенен кеп кылышты.

Белгилүү комузчу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зайнидин Иманалиевге И. Арабаев атындагы КМУ Ардактуу профессору даражасы ыйгарылды.

Жумалыктын алкагында Евразия университетинин Ардактуу профессору наамын дастанчы, КР Эл артисти Жолболду Алыбаевге ыйгарылды.

Тегерек столдун соңунда Зайнидин Иманалиев жана анын шакирти “Аспапчылык өнөр жана алып жүрүүчүлөр” деген теманын багытында студенттерге мастер класс көргөзүп беришти.

Тегерек столдун жүрүшүндө “Акак” комузчулар ансамбли Ш. Шеркуловдун “Үч муунак”, И. Арабаев атындагы КМУ окутуучулары Айбек Каныбеков жана Сайкал Абылкасымова Н. Борошевдин “Кер толгоо”, студент Бек Алагушев А. Огомбаевдин “Ак тамак көк тамак” күүсүн катышуучуларга тартуулашты.

Связанный пост