Маматканов Ноокен районундагы маданият жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен кабар алды

Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ноокен районундагы бир катар социалдык объектилердин абалын текшерди.

Ал райондук тарыхый-этнографиялык музейге жана китепканага барды. Азыркы учурда бул мекемелер жайгашкан жаңы имараттын курулушу 2026-жылдын сентябрь айында аяктаган.

Музей менен китепкананын материалдык-техникалык базасы белгиленген талаптарга жооп берет.

Андан соң Ноокен райондук жалпы медициналык практика борборунун иши менен таанышты. Бул мекеме жаңы имараттарга жана техникалык жабдууларын жаңылоого муктаж.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Связанный пост