Президенттикке төртүнчү талапкер керектүү сандагы кол топтоду

 Президенттикке төртүнчү талапкер керектүү сандагы кол топтоду

Исхак Масалиев президенттик кызматка талапкер катары катталуу үчүн керектүү кол топтоду. Бул тууралуу электрондук кол топтоо системасынын маалыматтарында көрсөтүлгөн.

17-ноябрга карата анын талапкерлигин 30 миңден ашык адам колдоп, кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин талап кылынган колду азыркы президент Садыр Жапаров, ошондой эле өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер Сыймык Жапыкеев жана Аймен Касенов топтогон эле.

Связанный пост