Унаалардын 50 пайыздан ашыгы камсыздандырылды

 Унаалардын 50 пайыздан ашыгы камсыздандырылды

Кыргызстанда унаалардын 50 пайыздан ашыгы милдеттүү түрдө камсыздандырылды. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын 13-ноябрына карата унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 171 млн сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн.

Ошондой эле унааны милдеттүү камсыздандыруунун баасы 1 миң 680 сомдон башталат. Камсыздандыруу төгүмүнүн өлчөмү унаанын мүнөздөмөлөрүнө жараша аныкталат.

Мындан тышкары, ыктыярдуу камсыздандыруунун КАСКО түрү да бар. Анын баасы унаанын наркына жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнө жараша жекече эсептелет.

Связанный пост