Президент Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын өнүгүүсү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай жана инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты.
Мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун республикалык бюджеттен каржылоо көлөмү кыйла көбөйгөнү маалымдалды. Эгерде 2021-жылы бул көрсөткүч 142,5 млн сомду түзсө, 2026-жылдын 10 айында 1,8 млрд сомго жетип, 12 эседен ашык өскөн. Бул мезгилде жергиликтүу бюджет дээрлик төрт эсеге – 226,9 млн сомдон 890,4 млн сомго чейин көбөйгөн.
Соңку беш жылда Ысык-Көл районунда 63 жаңы ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлгөн. 2026-жылдын 10 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 826,2 млн сомду түзүп, 2021-жылдагы көрсөткүчтөн алты эсеге ашкан. Жыл жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 1,2 млрд сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө.
Бул мезгил аралыгында райондо 6 мектеп, 9 бала бакча, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 фельдшердик-акушердик пункт, 7 спорт зал, кичи футбол үчүн 13 аянтча пайдаланууга берилип, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 7 долбоор ишке ашырылган.
Жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында да олуттуу иштер аткарылган: жалпысынан 220 чакырым жол асфальтталган. Анын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 175 чакырым автомобиль жолу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 45 чакырым ички көчө асфальтталган. Мындан тышкары, 97 чакырым тротуар, 26 чакырым курорттук жол жана үч жээк аймагы көрктөндүрүлгөн. Райондун муктаждыктары үчүн 106 даана атайын техника сатылып алынган.
Учурда Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долоноту, Бостери, Кара-Ой айылдарында тазалоочу курулмаларды, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жана Аңаньево айылында 100 орундуу эки оорукана куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Перспективдүү долбоорлордун катарында кышкы туризмди өнүктүрүү, Чолпон-Ата шаарында 2,6 млрд сом инвестициянын эсебинен тоо лыжа базасын куруу, ошондой эле Кес-Сенир аймагында аквапарк куруу пландары бар.
Андан соң Президентке Балыкчы шаарында 2025-2026-жылдары республикалык бюджеттин, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Тиешелүү иш-чараларды каржылоого 2,2 млрд сом каралып, анын алкагында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган 65 долбоорду ишке ашыруу пландалган.
2026-жылы Балыкчы шаарында муниципалдык балык базарынын курулушу аяктаган. Долбоорду ишке ашырууга 140 млн сом жумшалган. Жаңы базар 130 соода түйүнүн камтыйт, кенен унаа токтотуучу жай менен жабдылган жана санитардык талаптарга жооп берет. Ошондой эле шаарда Кыргызстандын жети облусунун тарыхый жана маданий көрүнүктүү жайларына арналган “Жети дубан ордосу” паркынын курулушу 90%га аяктады.
Долбоордун алкагында өлкөнүн аймактарын символдоштурган тематикалык объектилерди түзүү каралган: Чүй облусунун символу – Бурана мунарасы, Ысык-Көл облусунун символу – Ысык-Көл, Нарын облусунун символу – Таш-Рабат кербен сарайы, Талас облусунун символу – Манас күмбөзү, Жалал-Абад облусунун символу – жаңгак дарагы, Ош облусунун символу – Сулайман-Тоо, Баткен облусунун символу – Айгүл гүлү. Долбоордун жалпы наркы 149,5 млн сомду түзөт.
Балыкчы шаарында соода инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ишкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган жаңы муниципалдык базардын курулушу да жүрүп жатат. Долбоордун жалпы наркы 538 млн сомду түзөт. Курулуш аяктагандан кийин базардын аймагында 350дөн ашык соода оруну жана унаалар үчүн 200 токтотуучу жай каралат.
Ошондой эле Балыкчы шаарында медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө 270 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери жүргүзүлүп, медициналык мекемелер жаңы жабдуулар менен камсыздалган. Катетеризациялык лаборатория пайдаланууга берилгенден кийин 235 жаранга жүрөк стенттери орнотулган.
Билим берүү тармагында эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоо иштерин жүргүзүүгө 73 млн сом каралган.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу шаар тургундары үчүн медициналык жана билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган.