Илим чөйрөсүндөгү реформа: Президент жаңы мыйзамга кол койду

 Илим чөйрөсүндөгү реформа: Президент жаңы мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Илим жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук мониторинг жүргүзүү аркылуу аныкталган кенемтелерди, карама-каршылыктарды четтетүү, илимий иштин жана илимий уюмдарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын финансылык автономиясын кеңейтүү, илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана илимий иш системасын реформалоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле президенттин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 135 “Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүлүүдө:

1) “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына:

  • “илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоо”, “жетектөөчү окумуштуу”, “илимий мектеп”, “жарыялоо активдүүлүгү” деген түшүнүктөр менен толуктоо;
  • Президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын статусун тактоо;
  • илимий жана илимий-техникалык уюмдарга келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу белгилүү акы төлөнүүчү кызматтарга жана жумуштарга тарифтерди өз алдынча түзүү жана белгилөө боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү;
  • илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоону киргизүү;
  • илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоонун тартибин министрлер кабинети тарабынан аныктоо;
  • жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына атайын каражаттардын кеминде үч пайызын билим берүү уюмунун ичинде илимди өнүктүрүүгө бөлүү милдетин белгилөө;
  • илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону ишке ашыруу, окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу менен толуктоо;
  • көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизанын максаттарын конкреттештирүү;
  • илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоонун формаларын деталдаштыруу;
  • илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттарын төмөнкүлөр менен толуктоо:

– илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын карамагында турган илимийжана илимий-техникалык уюмдарды базалык каржылоо;

– илимий жана илимий-техникалыкпрограммаларга жана долбоорлорго көзкарандысыз илимий жана илимий-техникалыкэкспертиза жүргүзүү;

2) “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы: өзгөчө учурларда президенттин чечими менен тиешелүү наамы же илимий даражасы жок Кыргыз Республикасынын жаранын президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти кылып дайындоо;

тарифтери президентке караштуу Улуттук илимдер академиясы тарабынан өз алдынча түзүлгөн жана белгиленген, келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу, акы төлөнүүчү кызматтардын жана жумуштардын түрлөрүн тактоо.

Связанный пост