Акынбеков: Жылуулук жана жарык үзгүлтүккө учурабашы керек
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бишкек жылуулук электр борбору (Бишкек ЖЭБ) муниципалдык ишканасында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилдеринин өтүшүнө байланышкан маселелер боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйын башталар алдында МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, Бишкек ЖЭБинин өндүрүштүк жайларын кыдырып чыкты. Ал ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү, негизги жана көмөкчү жабдуулардын абалы, ошондой эле технологиялык процесстердин уюштурулушу менен таанышты.
Ишкананын жетекчилиги жабдуулардын иштөө режимдери, отун коруктары жана жүктөм жогорулаган мезгилдерде станциянын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Ал эми, жыйында энергетика тармагынын күз-кыш мезгилине даярдыгы, электр энергиясын өндүрүү кубаттуулуктарынын ишенимдүүлүгү, ошондой эле керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери талкууланды.
Анда энергетикалык компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууга, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнү камсыздоого жана энергетикалык инфраструктура объектилеринин туруктуу иштешин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын, энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана тармактын негизги адистери катышты.
Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жылытуу мезгилинде энергетикалык объектилердин ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, жабдуулардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү, отундун зарыл коруктарын камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.