Президент никени расмий каттоого чакырды

 Президент никени расмий каттоого чакырды

Президент Садыр Жапаров аялдарды никесин расмий каттоодон өткөрүп, мыйзамдуу түрдө үй-бүлө курууга чакырды. Бул тууралуу президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда жарандык никеде жашап, ажырашкандан кийин ортодогу мүлктү бөлүштүрүү жана алимент өндүрүү маселеси менен кайрылган аялга жооп берип жатып билдирди.

Жаңы-Жер айылынын тургуну 2018-жылдан 2024-жылга чейин никесин расмий каттатпастан турмуш курган. Алардын үч баласы бар. Аялдын айтымында, экөө Россияда чогуу иштеп, тапкан акчаларын күйөөсү атасына жөнөтүп турган.

Аялдын билдиришинче, чогуу тапкан каражатка алынган эки унаа жана мал мурдагы жолдошунун атына катталган. 2024-жылы ал үй сатып алууну сунуштаганда, эркек нике тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, мүлккө укугу жок экенин айткан.

Учурда аял чогуу жашаган жылдары тапкан акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү жана балдарына алимент төлөөнү камсыз кылууну өтүнүүдө.

Садыр Жапаров кайрылууга жооп берип жатып, эгер нике расмий катталган болсо, тиешелүү органдарга алимент өндүрүү жана мүлктү тең бөлүштүрүү боюнча тапшырма берүүгө мүмкүн болмоктугун белгиледи.

“Эгер мыйзамдуу никеде болсоңуздар, мен азыр эле тиешелүү органдарга тапшырма берип, алимент өндүртүп, мүлктү экиге бөлдүрүп, үч балага тиешелүү үлүшүн алып берүүгө жардам көрсөтмөкмүн. Ал эми жарандык никеде жашаганда биз эч нерсе кыла албайбыз”, — деди президент.

Ошондой эле ал аялдарды никесин расмий каттатпай чогуу жашоо адатынан баш тартууга чакырды.

“Ошондуктан “жарандык нике” деген түшүнүктү унуткула. Айрыкча кыздарыбызга айтарым, алгач мамилеңерди расмий каттатып, нике күбөлүгүн алгыла. Андан кийин гана үй-бүлө кургула”, — деди Садыр Жапаров.

Президент бул учурда мамлекет эркектин мүлкүн аялдын пайдасына тартып ала албай турганын кошумчалады.

Жолугушууга катышкан тиешелүү органдын өкүлү аялга иш-чара аяктагандан кийин кайрылып, алимент алуу мүмкүнчүлүгүн тактап алууну сунуштады.

Связанный пост