Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 98 пайызына жылуулук берилди
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн 98 пайызы жылуулукка кошулду.
Муниципалиттин маалыматына караганда, 30-октябрда саат 09:00гө карата борбор калаадагы 1 миң 931 турак үйгө жылуулук берилди.
“Учурда адистер жылуулук системасындагы гидравликалык режимди жөнгө салып, калган үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштерин улантууда”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” ишканалары Куруучулар, Энергетиктер шаарчаларында жана Учкун кичи районундагы үйлөрдү жылуулукка кошууда. Бүгүнкү күнгө карата бул аймактардагы 67 үйгө жылуулук берилди.