Баткенде 9 айда 1 млн тоннадан ашык көмүр казылды

 Баткенде 9 айда 1 млн тоннадан ашык көмүр казылды

2026-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусунда 1 млн 69,1 миң тонна көмүр казылды. Бул тууралуу облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 76,1 миң тоннага көп.

“Учурда облуста көмүр өндүрүү багытында 50дөн ашык кен иштеп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост