Президенттин демилгеси: 500 мектепке шахмат жабдуулары жеткирилүүдө

 Президенттин демилгеси: 500 мектепке шахмат жабдуулары жеткирилүүдө

Өлкөнүн мектептерине шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар жеткирилүүдө.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 2026-2027-окуу жылында республиканын 500 жалпы билим берүү уюмундагы 3-5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулууда.

“Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча мектептерге 7 500 комплект шахмат, 2500 таймер жана 500 демонстрациялык шахмат тактасы жеткирилди. Пилоттук долбоордун ишке ашырылышына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары бааланат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган демилге президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылууда.

Связанный пост