Минкаб төрагасы автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 Минкаб төрагасы автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери, ардактуу тармактын ардагерлери!

Сиздерди Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Транспорт жана автомобиль жолдору Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн маанилүү негиздеринин бири болуп саналат. Алар аймактарды жана калктуу конуштарды байланыштырып, жарандардын мобилдүүлүгүн камсыз кылат, сооданын, өнөр жайдын, айыл чарбасынын жана туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, өлкөнүн ички жана эл аралык байланыштарын чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын транспорттук-жол тармагы жогорку ыргакта өнүгүп жатат. Өлкөнүн автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң километрге жакынды түзөт. Ошол эле учурда жол тармагы жүк ташуулардын 96 пайызга чейинкисин жана жүргүнчүлөрдү ташуунун 98 пайызын камсыз кылат.

Жол куруучулардын үзүрлүү эмгегинин аркасында акыркы жылдары жол курулушунун көлөмү кыйла өстү. 2024-жылы 802 чакырым, ал эми 2025-жылы 1545 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлгөн. 2026-жылы бул багыттагы иштер мындан да жогорку ыргакта улантылууда. 1-октябрга карата республика боюнча 1560 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөө иштери аяктады.

Аймактардын транспорттук байланыштуулугун жакшыртууга, өлкөнүн транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык маанидеги долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Сафаровка – Барпы автомобиль жолдору, ошондой эле Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон башка долбоорлор бар.

Ошону менен бирге тармактын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. 2022–2025-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен 750 даана атайын техника сатылып алынган. Ал эми 2026-жылы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен тармактын техникалык базасы дагы 1200дөн ашык жаңы техника жана жабдуулар менен толукталат.

Асфальт жолдор эң алыскы айылдарга чейин жетти. Жолдорду куруу менен биз шаар менен кыштактын ортосундагы айырманы азайтып, учурдун чоң көйгөйү болгон урбанизация процессин жайлатууга жана жөнгө салууга шарт түзүлөт.

Өзүбүздө автомобиль чыгарып жатканыбыз бул тармактын жигердүү өнүгүп жатканынан жана индустриализацияга карай ишенимдүү кадам шилтегенибизден кабар берет.

Бул жетишкендиктердин артында күн сайын өз ишин жоопкерчилик менен аткарып жаткан миңдеген адамдардын – жол куруучулардын, инженерлердин, курулушчулардын, механизаторлордун, айдоочулардын, диспетчерлердин, транспорттук ишканалардын кызматкерлеринин жана тармактын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылган адистердин эмгеги турат.

Өзгөчө ыраазычылыгымды жылдын кайсы мезгили болбосун, татаал климаттык шарттарга карабастан, жолдорду куруп, оңдоп жана талаптагыдай күтүп, калктуу конуштардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылып келе жаткан жолчуларга билдирем.

Ошондой эле өлкө боюнча адамдарды жана жүктөрдү күн сайын үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылган автомобиль транспорту кызматкерлерине кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Тармактын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык сөздөрүмдү жолдойм.

Сиздердин көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиздер, бай тажрыйбаңыздар жана кесипке болгон берилгендигиңиздер бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын транспорттук-жол комплексин өнүктүрүүнүн бекем пайдубалын түздү.

Тармак кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн, жоопкерчилигинин жана ак ниет эмгегинин аркасында алдыга коюлган милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылып, Кыргызстандын жолдору жана транспорт системасы мындан ары да заманбап, коопсуз жана натыйжалуу боло берет деп ишенем.

Бардык автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, тынчтык, бакыт-таалай жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайм!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”.

Связанный пост