Президент курултай жыл сайын өтөрүн айтты
Президент Садыр Жапаров Элдик курултай азырынча жыл сайын өтүп турушу керек деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушууда айтты.
Садыр Жапаров курултай 2022-жылы президенттин жарлыгы менен уюштурулуп, кийин анын ишмердигин жөнгө салган мыйзам кабыл алынганын белгиледи. Анын айтымында, иш-чараны өткөрүүгө республикалык бюджеттен көп каражат сарпталбайт, негизинен президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттары пайдаланылат.
Президент курултайды төрт жылда бир өткөрүү тууралуу сунуштар айтылып жатканын белгилеп, азырынча буга эрте экенин айтты.
“Курултай дагы керек. Анткени эң алыскы айылдарда үнү жетпей жаткан элдер да келет. Айылдардан келген өкүлдөр депутаттар, айыл өкмөт башчылары, акимдер же мэрлер жеткире албаган маселелерди айтып жатышат”, — деди Садыр Жапаров.
Ал курултай институту убакыттын өтүшү менен калыптанып, аны кийин эки-үч жылда бир, андан соң төрт-беш жылда бир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароого болорун белгиледи.
“Азырынча жыл сайын эле болуп турсун. Андан эч нерсебиз кемип калбайт. Тескерисинче, курултай институту такшалат. Такшалгыча жыл сайын өтүп турганы туура”, — деди президент.