Президент Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары көтөргөн маселелерди ар тараптуу кароону тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун активи менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тургундар актуалдуу социалдык-экономикалык жана жеке маселелер боюнча Мамлекет башчысына түз кайрылышты.

Жолугушуунун катышуучулары турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, пенсионерлерди жана калктын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо маселелерин талкуулашты.

Менчик ээлеринин укуктарын коргоого, курулуш иштерин аяктоого, колдо болгон объектилерди натыйжалуу пайдаланууга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров ар бир кайрылууну адилеттүү кароо, мыйзам талаптарын так сактоо жана жарандардын укуктарын негизсиз чектөөгө жол бербөө зарылдыгын баса белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын жетекчилери жоопкерчиликтүү мамиле жасап, калктын кайрылууларына өз убагында жооп кайтаруусу маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле социалдык колдоо көрсөтүү, улуу муундун өкүлдөрү үчүн шарттарды түзүү, жумуш орундарын сактоо жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге көмөк көрсөтүү маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу изилдеп чыгууну, мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүүнү жана жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууну тапшырды.50414:10

Связанный пост