Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору болот

 Манас шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору болот

Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Манас шаары өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык хабга жана ишкердик борборго айланат.

“Ошондой эле аймактардын өнүгүүсүн теңдештирүү, шаарлардын экономикалык потенциалын жогорулатуу жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери улантылат”, — деди президент.

Связанный пост