Президент Кыргызстандын алдыдагы 5 жылга карата өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде өлкөнүн алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык милдеттерин белгиледи.
Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн иш-чарада мамлекеттик саясаттын 2030-жылдын аягына чейинки негизги артыкчылыктары аныкталды.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин урматтуу жетекчилери!
Бүгүн мен өлкөнүн келечеги жана алдыдагы беш жылдыкка карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө өз ойлорумду ортого салгым келип турат.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой, өткөн беш жылдык мамлекеттик институттарды калыбына келтирүүнүн, экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалын түптөөнүн жана социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнүн жигердүү мезгили болду.
Учурда биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштадык. Эми алдыбызда мындан да чоң милдет турат. Атап айтканда, жетишилген өсүштү ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун арттырууга багыттоонун, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн узак жылдарга камсыз кылуунун жана келечек муундар үчүн күч-кубаттуу мамлекетти куруунун милдети.
Светтик мамлекеттин негиздерин бекемдөө, ата-бабаларыбыздан калган руханий-адеп-ахлактык баалуулуктар, Айкөл Манастын мурасы, «Кыргыз жараны» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу коомубузду бириктирген негизги баалуулуктар, негизги ураан бойдон калат.
Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу күчтүү өнөктөш өлкөлөрдүн катарында туруп, ошол эле маалда жаңы геоэкономикалык реалдуулуктарды эске алып, Кыргызстан келечекте динамикалуу өнүккөн өлкө болууга тийиш.
Биздин саясатыбыз төмөнкү принциптерге негизделет:
1. Мамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратеги жана архитектору катары иш алпарышы зарыл.
2. Элдин жана ишкерлик менен алектенген жарандардын мамлекетке ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эреже болушу кажет.
3. Социалдык саясаттын көңүл чордонунда ар дайым үй-бүлө жана бала турушу керек.
4. Ачык-айкын, жоопкерчиликтүү иш жүргүзүү менен салык төлөп, жумуш орундарын түзгөн ишкерлер ар тараптан коргоого алынышы зарыл.
5. Ар бир районго жумуш орундарын түзүү, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен, аймактардын гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу зарыл.
Эми алдыдагы беш жылда экономикалык өсүштү камсыз кыла турган негизги факторлорго, тактап айтканда, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алуу менен өлкөбүздүн бакубаттуулугунун пайдубалы боло турган моделге токтоло кетейин.
Экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-индустриалдык модель түзөт. Ал экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөргө жана кошумча наркы жогору турган кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын экспорттоого негизделет.
Экспорттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалануу үчүн соода жана бажы саясаты түп-тамырынан кайра каралып, жаңыланат. Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго жигердүү чыгарууга, товар агымдарын тейлөөнү ыкчамдатууга жана экспорттук экосистеманы чыңдоого басым жасалат.
Ошону менен бирге, индустриалдык өнүгүүнүн жаңы этабына өтүшүбүз керек. Анын негизин технологиялык жаңылануу, чийки затты кайра иштетүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын өндүрүшүн кеңейтүү, ишканаларды региондук жана глобалдык кошумча нарк чынжырларына интеграциялоо түзөт.
Экономикалык саясат инвестициялардын жана технологиялардын тартыштыгын ырааттуу түрдө азайтууга багытталат. Бул үчүн экономиканын негизги тармактарына капиталдын агымын көбөйтүп, заманбап технологияларды өндүрүштүн бардык тармактарына киргизебиз.
Биз чийки затты жөн эле иштетпестен, аны технологиялар аркылуу кайрадан иштетип, өндүрүш ишканаларын түзүү аркылуу индустриалдаштыруу саясатын жүргүзөбүз. Натыйжада түзүлгөн нарктын басымдуу бөлүгү өлкөбүздө калышы керек.
Тамак-аш, курулуш, фармацевтика, химия, жана жеңил өнөр жайы, чакан машина куруу, минералдарды, мунайды кайра иштетүү жана башка тармактарда экспортко чыгуу дараметин көрсөтө алган өндүрүштөр колдоого алынат.
Айыл-чарба өндүрүшү калктын жана тамак-аш өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыз кылуу менен гана чектелбестен, экспортко да багытталышы керек. Мисалы, биздин сүт азыктарыбыз коңшу өлкөлөрдүн дүкөн текчелеринде да турууга тийиш.
Кайра иштетүүнү тереңдетүү үчүн технологиялык модернизация жүргүзгөн, технологияларды импорттогон, өндүрүмдүүлүктү жогорулаткан жана өндүрүштү локалдаштырган ишкердик субъектилерге ар тараптан колдоо көрсөтүүбүз керек.