БШК мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти

 БШК мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) социалдык тармактарда мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, үгүт жүргүзүү эрежелерин бузган социалдык тармактын колдонуучуларына эскертүүлөр берилип, алардын посттору өчүрүлдү.

БШК жарандарды үгүт материалдарын расмий үгүт өнөктүгү башталганга чейин жарыялабоого жана шайлоо мыйзамдарын сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январында президенттик шайлоо өтөт.

Связанный пост