Кийинки жылы өлкөдө “акылдуу” эсептегичтер толук орнотулуп бүтөт
Кыргызстанда электр энергиясын автоматтык түрдө эсепке алуучу “акылдуу” эсептегичтердин саны 1 млн 680 миң 800дөн ашты. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы 500 миң “акылдуу” эсептегич орнотулган. Ал эми 2026-жылы үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча 390 миң эсептегич орнотуу каралган. Жыл аягына чейин толук орнотулуп бүтөт.
“2027-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылоосу менен 280 миң, ал эми КЕТЕР долбоорунун алкагында 125 миң эсептегич орнотуу пландалууда”, – деди ал.
Министрдин маалыматына ылайык, 2027-жылдын аягына чейин өлкө боюнча электр энергиясын автоматтык түрдө эсепке алуу системасын (АСКУЭ) орнотуу иштерин толук аяктоо көздөлүүдө.