Министр: Кышында электр энергиясын чектөө планыбызда жок

 Министр: Кышында электр энергиясын чектөө планыбызда жок

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын чектөө азырынча пландалган жок. Бирок эртең менен жана кечинде электр энергиясын керектөө күчөгөн маалда кубаттуулук жетишсиздиги жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди.

Министр депутаттын кышында электр энергиясы өчүрүлбөйбү деген суроосуна жооп берип жатып, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча пландалган иштер аткарылып жатканын жана даярдыкта көйгөй жок экенин айтты.

Анын белгилешинче, Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы бар жана ал импорттун эсебинен жабылууда. Быйыл өлкөгө болжол менен 4 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоо каралган.

Министр кошумчалагандай, электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жеткен эртең мененки жана кечки сааттарда кубаттуулук жетишсиз болушу мүмкүн. Себеби электр энергиясы импорттолгон коңшу өлкөлөрдө да ушул убакта керектөө көбөйүп, Кыргызстанга электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү чектелиши ыктымал.

Связанный пост