Айпери Медет кызы Азия оюндарында коло байгеге ээ болду
Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер уланууда.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болду.
Ал алгачкы беттешинде Индиянын өкүлү Прияны 6:1 эсебинде жеңген.
Кийинки баскычта Индонезиялык Варедиса Септи Путри Хидаятты 10:0 эсебинде утуп,жарым финалда япониялык Кагамиге жеңилип калган.
Коло медаль үчүн Өзбекстандын өкүлү Севинчой Полвонова менен күч сынашып, 10:0 эсебинде жеңишке ээ болду.