Турмуштук оор кырдаалдагы балдарга жардам: 3 600 үй-бүлө колдоого алынды
Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалга кабылган 3 миң 600гө жакын үй-бүлөгө балдардын жашоо шартын жакшыртуу жана коопсуздугун камсыздоо боюнча жеке коргоо пландары түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү коштоо боюнча секторунун жетекчи адиси Айдана Мыктыбекова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, социалдык кызматкерлер ар бир үй-бүлөнү жеке коштоп, балдарды оор кырдаалдан чыгаруу, алардын негизги муктаждыктарын чечүү жана коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү иштерин алып барууда.
“Баланы турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн биринчи кезекте анын мындай абалга түшүшүнүн себептерин аныктайбыз. Эгер үй-бүлөнүн шартын жакшыртуу зарыл болсо, жакырчылыкты азайтуу боюнча мамлекеттик программаларга кошобуз. Ошондой эле ата-энеси, туугандары жана бала билим алган мектеп менен биргеликте иш алып барып, зарыл болгон жардамды көрсөтөбүз”, – деди Мыктыбекова.
Ал белгилегендей, балдардын укуктарын коргоо, балдар эмгегинин алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө мамлекеттик органдар мекемелер аралык негизде иш алып барууда.
Тактап айтканда, тиешелүү мамлекеттик органдар, анын ичинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Агартуу министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана Жазаларды аткаруу кызматы биргелешип иш жүргүзүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан бул багытта 42 пункттан турган иш-чаралар планы аткарылууда. Анын алкагында турмуштук оор кырдаалдагы балдарды өз убагында аныктоо, социалдык кызматкерлердин ишин жакшыртуу, балдар эмгегинин алдын алуу жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү каралган.
Мыктыбекованын маалыматына караганда, эгер Ички иштер министрлигинин кызматкерлери оор эмгекке тартылган же коркунучтуу кырдаалга туш болгон баланы аныктаса, тиешелүү органдарга маалымат берилип, андан ары бала жана анын үй-бүлөсү менен социалдык коштоо иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул багытта 27 мамлекеттик органдын сунуш-пикирлери чогултулуп, тиешелүү мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.