Соцфонд пенсионерлер үчүн тайчи машыгууларын уюштурат

 Соцфонд пенсионерлер үчүн тайчи машыгууларын уюштурат

Социалдык фонд пенсионерлер үчүн кытай гимнастикасынын тайчи түрү боюнча акысыз машыгууларды уюштурат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, тайчи боюнча машыгуулар октябрь айы бою дем алыш күндөрү сейил бактарда өткөрүлөт.

“Кытайда улгайган адамдардын сейил бактарда тайчи менен машыгуусу кеңири жайылган. Бул алардын ден соолугун чыңдап, жашоо сапатын жакшыртууга жана активдүү узак жашоого шарт түзөт. Биз да ушул багытта иш алып барууну чечтик”, – деди Жуматаева.

Ал мындай машыгууларды жаз айларынан тартып да сейил бактарда акысыз уюштурууну пландап жатышканын белгиледи.

Жуматаева ошондой эле 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга индексацияланып жатканын билдирди.

“Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулатылат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору көрсөткүч. Мындан тышкары, минималдуу пенсиянын өлчөмү 7 миң 500 сомдон 8 миң 800 сомго көтөрүлөт”, – деди ал.

Анын айтымында, индексациянын көлөмү миң сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашпайт. Пенсияларды жогорулатууга үч айга 4 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.

Орун басар белгилегендей, Кыргызстанда 825 миңден ашуун пенсионер бар.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Анын алкагында улуу муундун өкүлдөрү үчүн маданий жана ден соолукту чыңдоого багытталган программалар уюштурулду.

Связанный пост