Мектеп окуучулары үчүн жаңы окуу-методикалык комплекстер даярдалат
Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарын жаңы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу бүгүн Агартуу министрлигинде өткөн кеңешмеде сөз болду.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министр Догдуркүл Кендирбаеванын төрагалыгы алдында өттү.
Министрдин айтымында, жаңы окуу китептери окуучулар үчүн иш дептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо менен коштолот. Китептер илимий жана педагогикалык экспертизадан өтүп, андагы маалыматтар илимий булактарга жана фактыларга таянууга тийиш.
Кеңешмеде окуу-методикалык комплекстерди даярдоо, басып чыгаруу жана алардын сапатын камсыз кылууда мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өз ара иштешүүсү талкууланды.
Жыйынтыгында окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана мектептерди алар менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү иш-план иштелип чыгып, макулдашылмай болду.