Бишкекте 118 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөн бала бакча ачылды

 Бишкекте 118 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөн бала бакча ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон жана жаңылоодон өткөн №63 бала бакча ачылды.

Мэриянын маалыматына ккраганда, оңдоо иштерине 118 млн сом каражат жумшалган.

Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу имарат 280 балага ылайыкталган. Учурда жыйналуучу керебеттерди колдонуу менен бала бакчага 500гө чейин баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Оңдоо иштеринин алкагында имараттын ички жана тышкы жасалгасы, инженердик коммуникациялары жаңыртылып, 12 оюн аянтчасы курулду.

Ошондой эле медициналык кабинет, ашкана, музыкалык жана гимнастикалык залдар, пандустар жана башка зарыл шарттар түзүлдү.

Связанный пост