Өлкөдө бир жумада 38,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

 Өлкөдө бир жумада 38,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

18-сентябрдан 24-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 38 531 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 5 691;
  • мас абалында унаа башкаруу – 395;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 449;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 913;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 6 034;
  • авто ээнбаштык – 39;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 572;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 19 012;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 417 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост