Шайназаров: Президенттик шайлоонун чыгымы үч турга чейин эсептелди

 Шайназаров: Президенттик шайлоонун чыгымы үч турга чейин эсептелди

Президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын суммасы 1,2 млрд сом деп белгилденди. Бул сумма 2026чы жана 2027-жылдарга деп бөлүндү. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында аталган сумма экинчи жана үчүнчү турларды эске алуу менен коюлду.

“Мисалы, шайлоо 2 же 3 тур менен өтүп калышы мүмкүн. Эгер бир тур менен эле аяктаса анда бул сумма кыйла азаят. Жылдан жылга шайлоочулардын саны өсүп жатат. Ага жараша шайлоо тилкелери да көбөйүүдө. Андан сырткары, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын өтүнүчүн аткаруу максатында чет мамлекеттердеги шайлоо участкаларын көбөйтүп жатабыз. Андан башка дагы чыгымдар бар”, – деди ал

Связанный пост