“Тазалык” ишканасына 22 жаңы атайын техника тапшырылды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриядан билдиришти.
Ишканага 22 даана техника, анын ичинде 11 МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, бир “Шумкар”, беш “ХОВО”, бир “Дамас” жана төрт “Лабо” унаасы берилди.
Жаңы техникалар шаарды санитардык жактан тазалоону күчөтүүгө, тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууга жана ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
“Мындан тышкары, Минск шаарынан дагы үч даана атайын техника келери күтүлүүдө. Макулдашууларга ылайык, аларды 15-октябрга чейин жеткирүү пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.
Жаңы техникаларды кошкондо, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын карамагындагы атайын автотранспорттун саны 400дөн ашат.