Бишкектеги парктарда жыл соңуна чейин 26 коомдук даараткана ачылат
Бишкекте жыл соңуна чейин шаардагы сейил бактарда 26 коомдук даараткана ачуу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы объектилерге уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, дааратканаларды пайдалануу үчүн алынуучу акы символикалык өлчөмдө болот.