Улуттук банк алдамчылыкка каршы антифрод-борбор түзөт

 Улуттук банк алдамчылыкка каршы антифрод-борбор түзөт

Кыргызстанда финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү үчүн борборлоштурулган антифрод-борбор түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук банктын киберкоопсуздук боюнча адиси Азамат Тиленбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Улуттук банк коммерциялык банктарга жана көзөмөлүндөгү уюмдарга алдамчылыктан коргоочу жергиликтүү системаларды киргизүүнү талап кылган. Ал эми жаңы борбор аларды бирдиктүү тармакка бириктирет.

“Улуттук банк бардык коммерциялык банктар жана көзөмөлүндөгү түзүмдөр туташтырыла турган борбордук антифрод-борборду уюштуруп жатат. Муну менен эле чектелбейбиз: укук коргоо органдарын, байланыш операторлорун жана криптопровайдерлерди да туташтырууну пландап жатабыз”, — деди жөнгө салуучу органдын өкүлү.

Учурда системаны ишке киргизүү үчүн техникалык тапшырма иштелип чыгып, банк жана банк ишмердиги жөнүндө мыйзамдарга банктык сырды алмашуу маселелерине байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярдык көрүлүүдө.

“Мунун баары жөнөкөй жарандардын акча каражаттарын коргоо үчүн жасалууда. Борбордун ишке кириши маалыматтарды ыкчам алмашууга жана шектүү операцияларды өз убагында бөгөттөөгө шарт түзөт. Алдамчылардан чалуулар түшкөн учурда, финансылык операциялар жүргүзүлгөнгө чейин аларды бөгөттөө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Банктардын, байланыш операторлорунун жана укук коргоо органдарынын макулдашылган ишинин негизинде алдамчылык аракеттеринин алдын эң алгачкы баскычтарында эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп баса белгиледи Азамат Тиленбаев.

Связанный пост