ТИМ: Быйыл мыйзам бузган 11 миң чет элдик өлкөдөн чыгып кетти
Быйыл 11 миң чет элдик мигрант өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.
Анын айтымында, былтыр бул көрсөткүч 9 миңге жакын адамды түзгөн.
Ошондой эле Сейтек Жумакадыр уулу белгилегендей, Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган мигранттар кайра өлкөгө келе албайт жана “кара тизмеге” киргизилген.
“Президенттин жарлыгы менен амнистия жарыяланган. Бүгүнкү күнгө карата 11 миңге жакын адам Кыргызстандан чыгып кетти. Учурда 500-600дөй мыйзамсыз мигрант бар. Алар да текшерилүүдө. Биз мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча ИИМ менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз”, – деди ал.