Кыргызстанга 20 миң баш бодо мал импорттолот

 Кыргызстанга 20 миң баш бодо мал импорттолот

Кыргызстанга эт рыногун толуктоо жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында 20 миңден кем эмес баш бодо мал импорттоо пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин бааларды кармап туруу жана баа туруктуулугун камсыз кылуу боюнча маалыматына ылайык белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, малды Казакстан, Беларусь жана Россиядан алып келүү каралууда.

“20 миң баш бодо малды импорттоо ички рыноктогу эт сунушун кеминде 2,7 миң тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Малды импорттоону “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому уюштурат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост