Амангелдиев киберкоопсуздук боюнча улуттук фестивалга катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте өтүп жаткан «CYBERNOMAD FEST 2026» киберкоопсуздук боюнча улуттук фестивалга катышты.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, финансы жана банк секторунун, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун 700дөн ашуун өкүлү катышууда.
Фестивалдын негизги иш-чараларынын бири Маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болду.
Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, актуалдуу коркунучтарды баалоо, ошондой эле маалыматтык жана киберкоопсуздук жаатындагы координациялоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралды.
Фестивалдын алкагында тематикалык панелдик сессиялар, технологиялык көргөзмө жана практикалык киберокутуулар өтүүдө. Киберкоопсуздук боюнча мелдештердин финалдык этабына эки тандоо турунан өткөн 11 команда катышууда.
Фестивал кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, практикалык тажрыйба алмашууга жана маалыматтык жана киберкоопсуздук жаатында мамлекеттик органдар, бизнес, эксперттик жана кесиптик коомчулук ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.