Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча акция өттү

Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында жашылдандыруу боюнча акция өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага жаңы баш кошкон жубайлар жана Түркиядан келген борбор калаанын коноктору катышты.

Акциянын алкагында “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы жаш жубайларга бир түп дарак белек кылды. Дагы беш даракты алар өз каражатына сатып алып, бульвардын аймагына отургузушту.

Ошентип, акциянын жүрүшүндө жалпысынан алты түп дарак отургузулду.

Мындай демилгелер шаардагы жашыл аймактардын көбөйүшүнө жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Связанный пост